Бишкекте кызды бычак менен коркутуп, тоноп кеткен жаран кармалды

Бишкекте кызды бычак менен коркутуп тоноп кеткен кеткен жаран кармалды. Ал 33 жаштагы Э.А. аттуу жаран экенин Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Кабарлангандай, милицияга арыз менен М.Ж. аттуу жаран кайрылган. Арызында базарда аны бычак менен коркутуп, уюлдук телефонун тартып алган адамга карата чара көрүүнү суранган.

Жабырлануучу 5000 сомун да уурдап качып кеткенин билдирген.

Аталган факты каттоого алынып, кылмыш иши козголгон. Анын натыйжасында шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан