Бишкек-Торугарт жолунда балалуу аялды унаа сүзүп, анын кесепетинен экөө тең каза болду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Кабарлангандай, окуя кечээ күнү кечки саат 19:30да Бишкек- Нарын-Торугарт жолунун 93-чакырымында Жаңы-Алыш айылында орун болгон. Анда Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа жөө жүргүнчүлөрдү сүзүп кеткен.
“40 жаштагы аял эки жашар баласы менен жөө адамдар өтүүчү өтмөк жок жолго чуркап чыккан”, - деп айтылат маалыматта.
Жол кырсыгы болгон жерден аял баласы менен каза болгон.