Бүгүн, 24-сентябрда Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Кыргызстан менен Орусия курама командасынын жолдоштук беттеши болуп өттү.
Оюндагы алгачкы голду кыргыз курамасы ачты. Жарым коргоочу Алимардон Шүкүров оң канаттан топту дарбазага таамай багыттап, "Ак шумкарларды" алдыга алып чыкты.
Арадан көп убакыт өтпөй Орусия курамасы пенальтиден эсеп санын теңеди. Биринчи бөлүк 1:1 эсебинде тең чыгуу менен аяктады. Экинчи бөлүктө оюн дээрлик бирдей ыргакта жүрдү. 89-мүнөттө гана Орусия курамасынын жарым коргоочусу Даниил Уткин эсеп санын өзгөрттү.
Жыйынтыгында оюн 2:1 эсебинде Орусия курама командасынын жеңиши менен аяктады.