Кыргызстандын атынан чыккан Сардана Трофимова Казакстандын Алматы шаарында өткөн жарым марафондо жеңишке жетти. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасында билдирди.
Кыргызстандын жеңил атлетика боюнча курама командасынын мүчөсү 21,1 чакырым аралыкты 1 саат 12 мүнөт 50 секундада басып өтүп, биринчи орунду ээледи. Ал негизги атаандашын 17 секундага артта калтырды.
Бул спортчунун Кыргызстандын командасы үчүн биринчи жарышы. Эске салсак, Орусиянын беш жолку марафон чемпиону расмий түрдө кыргыз курама командасына ушул жылдын август айында кошулган.
Ал эми "Алматы марафону - 2022" эркектер арасындагы мелдешинде кыргызстандык Александр Салахудинов мыкты жыйынтык көрсөтүп, 5-орунда болсо, Элдияр Мамбетов 7-орунду ээледи.