Бишкекте аялы күйөөсүн бычактап, ал ошол жерде каза болду. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 25-сентябрь күнү болжол менен саат 04:26 чамасында 102 кызматына 11-кичи райондо эркек киши бычактан жаракат алганы тууралуу маалымат келип түшкөн.
"Айтылган дарекке ошол замат кайгуул кызматкерлери келип маалыматты тактаганда, 1981-жылы туулган Р. Р. аттуу жаран төшүнө бычак сайылып, каза болгону аныкталган. Чакыруу менен келген кайгуул кызматкерлери кылмыш изи суй электе шектүү катары маркумдун 1983-жылы туулган Б.Н. аттуу жубайын кармап, Октябрь РИИБинин тергөө кызматына жеткиришкен.
Кармалган жаран өз сөзүндө үй-бүлөлүк чыр-чатактан улам өзүнүн жолдошун бычак менен сайып жибергендигин билдирди. Учурда тергөө иштери жүрүүдө", - деп жазылат маалыматта.