Ош шаарында уурулукка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматта айтылгандай, чөнтөкчү ууру Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Сулайман-Тоо милиция бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан кармалган.
"Ал мурда 5 жолу ушундай кылмыштары үчүн соттолуп чыккан. Шектүү 1985-жылы туулган, Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын тургуну. Ош шаарына убактылуу келип, ар кайсы даректерде жашап жүргөн. 24-сентябрь күнү Ош шаарындагы №125 каттамдагы коомдук транспортто бара жаткан 20 жаштагы жабырлануучу кызга таандык болгон iPhone 13 Pro Max үлгүсүндөгү телефонун транспорттогу тыгындан пайдаланып уурдап алган.
Милиция кызматкерлери тарабынан изи сууй электе кармалып, телефонду сатууга үлгүрбөй калган. Шектүү Ош ШИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тергөө иштери уланууда", - деп айтылат маалыматта.