Кызыл-Кыяда экстремисттик уюмдарга чакырык жасап жүргөн жаран кармалды

Кызыл-Кыя шаарында социалдык тармакта экстремисттик уюмдарга чакырык жасап жүргөн жаран аныкталды. Бул тууралуу Баткен ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кызыл-Кыя ШИИБинин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын кызматкерлери социалдык тармак аркылуу Кыргыз Республикасынын аймагында ишмердүүлүгүнө тыюу салынган экстремисттик уюмуна таандык маалыматтарды бөлүшүп жүргөн аккаунт аныкталган.

"Бул факты Кызыл-Кыя ШИИБинде Кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 332-беренеси (экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган. Бул факты боюнча Кызыл-Кыя ШИИБинин ыкчам кызматкерлери жүргүзгөн иликтөө иштеринин натыйжасында, социалдык тармакта аккаунт түзүп, тыюу салынган маалыматтарды бөлүшүп жүргөн жарандын аты-жөнү аныкталган. Шектүү жаран Кадамжай районунун 1996-жылы туулган тургуну М.М. экендиги белгилүү болду. Азыркы учурда кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан