Ноокатта 44 жаштагы эркек киши мыкаачылык менен өлтүрүлдү. Шектүүлөрдүн бири Орусияга качып кеткен

Ош облусунун Ноокат районунда адам өлтүрүүгө шектелип үч адам кармалды. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, милицияга 3-сентябрь күнү Ноокат районунун Кара-Таш айыл аймагынын Капка жайлоосунда жайгашкан суунун боюнан эркек кишинин жансыз денеси табылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Маркумдун өлүмүнүн себебин аныктоо максатында соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Экспертизанын жыйынтыгы боюнча, маркум миздүү нерседен алган жарааттан каза болгондугу белгилүү болгон.

Бул кылмышка шектелип 23 жаштагы Н. уулу М. жана 19 жаштагы А. уулу Н. аттуу жарандар кармалган. Ал эми бул кылмышка шектелип жаткан 19 жаштагы дагы бир жаран кармалды. Ал Орусияга качып кеткен.

Учурда кылмыш боюнча тергөө амалдары уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан