"Баасы 135 миң сом". Бишкекте iPhone 13 Pro Max телефонун уурдаганга шектелип 45 жаштагы жаран кармалды

Бишкекте уурулукка шектелип 45 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Ленин РИИБинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, ушул жылдын 10-сентябрында К.А. аттуу жаран Ленин РИИБине белгисиз адамдар ошол эле күнү саат 11:00дөр чамасында "Ош базарынын" аймагында жайгашкан соода борборуна кирип жашыруун түрдө iPhone 13 Pro Max үлгүсүндөгү баасы 135 миң сомдук уюлдук телефонун уурдап, белгисиз тарапка качып кеткенин айтып арыз менен кайрылган.

Аталган факты Бишкек шаарынын Ленин райондук ИИБнин РИИБге катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин 2-бөлүмү (уурдоо) менен кылмыш иши козголгон.

19-сентябрда ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө кылмышка шектүү катары А.М. аттуу 1977-жылы туулган жаран кармалып, СИЗО-1ге киргизилди.

Учурда кылмышка шектүүнүн башка ушул сыяктуу кылмыштарга катыштыгы бар экендигин аныктоо боюнча тергөө жана ыкчам-издөө иш-чаралары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан