Бишкекте мурда бир нече жолу соттолгон жаран уурулукка шектелип кармалды

Бишкекте уурулукка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Октябрь РИИБинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, милицияга М.А. аттуу жаран 18-августка караган түнү Улан кичи районунан белгисиз адамдар Тойота Ипсум үлгүсүндөгү унаасынын арткы айнегин талкалап, ичинен жалпы суммасы 66 миң 566 сомду түзгөн товарды уурдап кеткендигин айтып, арыз менен кайрылган.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин (уурдоо) негизинде кылмыш иши козголгон. Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында, кылмышка шектүү катары мурда да ушул сыяктуу кылмыштарды жасагандыгы үчүн бир нече жолу соттолгон 1997-жылы туулган К.Ж. аттуу жаран кармалып, №1 тергөө абагына 2 айга камакка алынды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан