УКМКнын учурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев 1968-жылы 27-сентябрда Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Барпы айылында туулган.
1992-жылы Томск мамлекеттик университетинин “инженер-химик” адистиги боюнча, 1999-жылы Кыргыз улуттук университетинин “юрист” адистиги боюнча аяктаган. Камчыбек Ташиев 1987-1989-жылдары Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн. 1993-жылы эмгек жолун “Мээрим-Ай” өндүрүштүк-коммерциялык фирмасын негиздеп жана жетектөө менен баштаган.
1995-жылдан 2000-жылга чейин “Томас” өндүрүштүк-коммерциялык фирмасынын башкы директору болуп иштеген;
2000-2002-жылдары “Элет-Кенч” көп тармактуу айыл чарба кооперативи башкармалыгын жетектеген;
2002-2003-жылдары Кыргыз Республикасынын премьер-министринин апарат жетекчисинин жардамчысы, ал эми 2003-2005-жылдары Ленин районун мамлекеттик администрациясында райадминистрациянын башчысынын орун басары, биринчи орун басары болуп иштеген;
2005-2007-жылдары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетика комплекси жана суу ресурстары боюнча комитетинин төрагасы болуп дайындалган;
2007-жылдын ноябрынан 2009-жылдын декабрына чейин - Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министринин милдетин аткаруучу, кийин министр болгон;
2010-жылдын декабрынан тартып 5-чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланып, “Ата журт” депутаттык фракциясынын лидери болгон. Ал эми 2013-жылдын 20-августунда Борбордук шайлоо комиссиясы “ата журтчу” депутат Камчыбек Ташиевди депутаттык мандатынан ажыраткан.
Ал эми 2020-жылдан бери УКМКны жетектеп келет.
27-сентябрга карата жылнаама.