Апасына таарынып, үйдөн чыгып кеткен. Жайылда өспүрүм асынып каза болду

Чүй облусунун Жайыл районундагы Новониколаевка айылында 13 жаштагы өспүрүм асынып каза болду. Бул тууралуу Чүй ОИИББинен билдиришти.

Маалыматка таянсак, милиция кызматына 26-сентябрда 1990-жылы туулган Р.З. аттуу жаран кайрылган. Анда ал 25-сентябрда саат 18:00 чамасында 2009-жылы туулган Р.М. аттуу баласы үйдөн чыгып кеткен бойдон кайтып келбегендигин билдирген.

Бул факты Жайыл РИИБинде Кылмыштардын электрондук китепчесине катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө, арыз ээси жолдошу Орусияда иштеп жүргөнүн билдирген. Ошону менен катар 25-сентябрь күнү уулу Р.М. атасынын унаасын уруксатсыз айдаганын билип калып урушканын жана ага уулу таарынып, үйдөн чыгып кеткен боюнча келбегенин билдирген. Р.З. милицияга кайрылган учурда туугандары Р.М.нын асылып калган жансыз денеси табылганын билдиришкен.

Учурда окуянын себебин аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалып, тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан