Бишкекте жол кырсыгына кабылып качып кеткен айдоочудан баңгизаты табылды

Бишкекте мыйзамсыз баңгизат каражаттарын жүгүртүүгө шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 25-сентябрда болжол менен саат 21:30 чамасында Туңгуч кичи районунан мурда жол кырсыгына кабылып, окуя болгон жерден качып кеткен Хонда Свик үлгүсүндөгү унаанын 1979-жылы туулган А.Т. аттуу айдоочусун кармашкан. Кайгуул кызматкерлери унааны убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтоткон учурда, айдоочунун жанынан 3,85 грамм өсүмдүк баңгизаты табылып, аны ыргытып качканга аракет кылган.

Айдоочуну наркология бөлүмүнөн текшерген учурда баңгизаттык заттарды колдонгондугу аныкталган. Бул факты боюнча кармалган жаранды Октябрь РИИБинин Тергөө кызматына андан ары тийиштүү чара көрүү үчүн жеткиришкендиги айтылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан