Кыргыз балбаны Акжол Махмудовдун Белград шаарында өткөн күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунун финалындагы беттеши эң мыкты 5 беттештин катарына кирди.
Дүйнө чемпиондугунун финалында Акжол Махмудов венгриялык Золтан Леваи менен кез келип, 8:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңип алган.
Кыргыз балбаны атаандашына эч кандай мүмкүнчүлүк бербестен алгач 4 упайлык ыкма жасап, андан кийин артка ыргытуу менен дагы 4 упай алып мөөнөтүнөн мурда жеңишке жеткен.
Муну менен Акжол Махмудов Кыргызстандын тарыхында эркектер арасында алгачкы Дүйнө чемпиону болгон.