Чет өлкөлөрдө сексуалдык эксплуатациялоо максатында адамдарды сатуу менен алектенген топтун ишине бөгөт коюлду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына ИИМдин басма сөз кызматынан бидиришти.
Милицияга белгисиз жаран (аял киши) алдап, жогорку маяна алуучу жумушка орноштуруу шылтоосу менен жаш кызды Түркияга жибергендиги тууралуу маалымат түшкөн. Кийин чет өлкөгө чыккан жаран адам сатуунун курмандыгы болуп, сексуалдык эксплуатацияга дуушар болгону такталган.
Бул факты боюнча 166-берене "адамдарды соодалоо" боюнча кылмыш иши козголгон.
Ыкчам тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө, шектүү Чүй облусунун тургуну экендиги аныкталып, ал Кыргызстандын башка жаранын сексуалдык эксплуатациялоо максатында чет өлкөгө жиберүүгө ниеттенип жаткандыгы тууралуу маалымат алынган.
Көрүлгөн чаралардын натыйжасында кылмышка шектүү катары 1991-жылы туулган Ж.К. (аял киши) аттуу жаранды кармашкан. Анын чет өлкөгө адамдарды сексуалдык кулчулукка сатуу аракетине бөгөт коюлду.
Соттун чечими менен кармалган жаранга камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасы тандалды. Азыркы учурда тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.