Новопокровкадагы №3 абакка баңгизат алып кирүүгө аракет кылган жаран кармалды

Новопокровка айылындагы №3 абакка тыюу салынган заттарды өткөрүүгө бөгөт коюлду. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу кызматынан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, 28-сентябрда саат 01:45 чамасында Новопокровка айылында жайгашкан Юстиция министрлигинин Жазаларды аткаруу кызматынын №3 түзөтүү мекемесинин кызматкерлери менен биргеликте Чүй облусунун Ысык-Ата районунун ички иштер башкармалыгынын жана Чүй ОИИББинин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн «Канал-Неман» операциясынын жүрүшүндө мекеменин аймагына тыюу салынган буюмдарды өткөрүү аракетинин дагы бир жолу токтотулду.

Жүргүзүлгөн профилактикалык ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында, түштүк тарабынан мекемеге скотч менен оролгон 3 таңгакты ыргытууга аракет кылган учурда Ш.У.Ж аттуу жаран кармалган. Ал таңгактын ичинен кара-жашыл түстөгү, гашишке окшош өзгөчө жыты бар жалпы салмагы 1 килограмм 70 граммды түзгөн зат болгон.

Бул факты Ысык-Ата райондук ички иштер бөлүмүнө катталып, кармалган адам жана чогултулган материалдар кошумча тергөөгө өткөрүп берилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан