Чүйдүн Москва районунда бөтөлкөлөшүнө бычак сайган жаран кармалды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Чүй ОИИББинен билдиришти.
Маалымдалгандай, 27-сентябрда милицияга Москва райондук ооруканага бычактан жаракат алган жаран жаткырылгандыгы боюнча билдирүү келип түшкөн. Ал 1979-жылы туулган Я.А. аттуу жаран экени аныкталган.
Аталган факты боюнча кылмыш иши козголгон.
Жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө ошол эле күнү аталган кылмышка шектелип 1992-жылы туулган К.С. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
"Тергөө иштеринин жүрүшүндө бул адамдар чогуу спирт ичимдигин ичип отуруп, ортодогу чырдан улам окуя келип чыкканы аныкталган", - деп айтылат маалыматта.
Учурда окуяга соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Окуянын жагдайын толук кандуу аныктоого багытталган тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.