Түркияда тамактануу. Оозанганды тамшанткан түрк ашканасындагы даамдар (фото)

SUPER.KG порталы Түркия мамлекетинин Хатай шаарына жасаган саякатынын алкагында түрк ашканасы менен таанышты.
Түрк боордошторубуздун “кахвалты” деп аталган таңкы тамактануусу тууралуу укпаган жан болбосо керек. Түрк ашканасында таңкы тамактануу үчүн зарыл деп эсептелген азыктардын катарына помидор, бадыраң, тооктун жумурткасы, бал, каймак, май жана башка түрдүү жемиштер кирет. Андан сырткары үй кожойкелери өз табитине жараша түрдүү кыямдарды, жыты буркураган ысык токочтордун түрлөрүн жасашат.
Таңкы тамактанууда бардык азыктар кичинекей табактарга салынат. Бул үй-бүлө мүчөлөрү, достордун курчоосунда тамактануунун белгиси катары саналат. Бул маданият Түркияда XX кылымдын башында пайда болгон.
Газиантеп шаарынын өзгөчө таңкы тамактарынын катарына - Бейран кирет. Бул шорпо козунун майынан, этинен жана күрүчтөн жасалат. Ал атайын токоч менен берилет. Андан сырткары нохут дүрүм, жийер дүрүм, сахан каймагы, мухаммара, юмурта пиязы сыяктуу даамдар берилет.
"2015-жылдан бери таңкы тамак-аштарды даярдап келебиз. Бул отурган имарат да эски болуп саналат. Бул жайда толугу менен жергиликтүү даамдар берилет. Алдыңызда турган даам “Сүркчө келек” деп аталат. Бул дагы жергиликтүү даам. Бул жердеги туздуу айранды таңкы тамакка, күндүн башка учурларында желген тамак-аштар менен жегенге болот. Антальянын тамактары өтө даамдуу", - деп билдирди тамактануучу жайлардын биринде эмгектенген Мелтен Тансал.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Ala.too.456
2022-09-30 09:24:00
Мен Туркияга барып коргон эмесмин. Бирок мага озубуздо даярдалган турк даамдары анчале жага бербейт. Баары бир биздин тамактар мыктылык кылат экен.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан