"Опузалап акча талап кылган". Нарында кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

Нарында кылмыштуу топтун мүчөсү жергиликтүү тургундан опузалап акча талап кылган. Бул тууралуу Нарын ОИИБинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Кабарлангандай, Жумгалдын тургуну милицияга кайрылып, ушул жылдын май айында анын үйүнө келип, акча опузалаган К. аттуу жаранга карата чара көрүүнү өтүнгөн. Арызында шектүү 60 миң сом талап кылып, бербесе башкача жол менен аларын айтып коркутканын айткан. Арыз ээси коркконунан 30 миң сом таап берген.

Ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектүүнүн аты-жөнү аныкталып, ал Жумгал районунун 1983-жылы туулган С.К. аттуу тургуну болуп чыккан.

Шектүү жаран тергөө кызматына жеткирилген. Ал уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат. Бүгүнкү күндө тергөө иштери жүргүзүлүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан