"500 миң сом талап кылышкан". Бишкекте опузалап акча талап кылууга шектүүлөр кармалды

Бишкек шаарында опузалап акча талап кылган жарандар кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинен билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, Свердлов РИИБине М.Д. аттуу шаар тургуну арыз менен кайрылган. Анда 26-сентябрга караган түнү А. жана Т. аттуу чала тааныштары БМВ Х6 үлгүсүндөгү унаага күч менен отургузуп, 500 миң сом же Гольф үлгүсүндөгү унаасын талап кылып, денесине залал келтиришкени айтылган.

Бул факты Свердлов РИИБинде Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси (опузалоо) менен Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган. Ыкчам издөө иштеринин натыйжасында, кылмышка шектүү катары 1992-жылы туулган Т.Т. жана 2001-жылы туулган Б.А. аттуу жарандар кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынды. Учурда алардын ушул сыяктуу башка кылмыштарга катыштыгы бар же жок экендиги такталууда.

Бишкекте опузалап акча талап кылууга шектүүлөр кармалды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Кучтуу
2022-09-29 14:27:00
Экинчиси Арлет эмесби
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан