Жогорку Кеңештин депутаты, мурдагы башкы прокурор Элмурза Сатыбалдиевге таандык Бишкек шаарындагы менчик үй сүрдүрүлдү. Калаанын Шүкүров көчөсү 166 дарегинде жайгашкан турак үй көчөгө, муниципалдык аймакка чыгып кеткени кабарланган. Сүрдүрүү иштеринин жүрүшүн мэриянын маалымат кызматы социалдык тармактагы баракчасы аркылуу түз эфирде көрсөттү.
Буга чейин мэрия муниципалдык жерге курулган жер үйлөрдүн короолору тротуар салуу үчүн түрттүрүлө турганын эскерткен.
Буга чейин аталган көчөдө “кызыл тилкеден” ашырып куруп алган менчик турак жайлар бар экени, алардын арасында депутат Сатыбалдиевге таандык да үй бар экени айтылган.
Эске салсак, Жогорку Кеңештин комитеттеринин биринин жыйынында Бишкектин вице-мэри Нурдан Орунтаев менен Элмурза Сатыбалдиев айтыша кетип, депутат кыр көрсөтүп жаткан видео тараган. Анда депутат шаардын вице-мэринен мэрия кандай негизде тургундардын тосмолорун бузуп жатканын сураган. Эл өкүлү короонун дубалы муниципалдык жерге чыгып кетсе да нааразычылыгын билдирген.
"Мен сага айтып коёюн, иним, сен мага күпүлдөбө, башка жерде күпүлдө. Бул Жогорку Кеңеш, өзүңдү сыйлабасаң, бизди сыйла. Сыйлагың келбесе, сыйлатып алам. Булар сыйлатпаса, мен сени сыйлатам, сөзсүз", - деген анда Сатыбалдиев.
Бул көрүнүш коомчулуктун нааразычылыгын пайда кылып, мыйзам барына бирдей экенин айтып чыгышкан.
Шаардык мэрия буга чейин маалымат берип, Шүкүров көчөсүндө мындай 71 короо бар экендигин билдирген. Алардын ичинен 36 кожоюн өз ыктыяры менен алса, 22синин короосунун муниципалдык жерге чыгып кеткен бөлүгү мажбурлоо менен түрттүрүлгөнү айтылган.