Алмазбек Бейшеналиев убактылуу кармоочу жайга киргизилди

Пара алуу фактысы боюнча кармалган билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев Бишкек шаарындагы убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Бул тууралуу SUPER.KG порталына ИИМдин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматта, учурда пара алуу фактысы ар тараптуу, дыкат жана акыйкат иликтенүүгө алынып, бардык жагдайлар тастыкталып жатканы айтылат. Кармалган министрдин баш коргоо чарасы жакынкы күндөрдө сот органдары тарабынан аныкталат.

Буга чейин ИИМ Алмазбек Бейшеналиевдин чет өлкөлүк студенттерди ата мекендик жогорку окуу жайларына кабыл алууда өзгөчө ири өлчөмдө (110000$ АКШ доллары) пара алып жаткан учурдагы видеону жарыялаган.

Алмазбек Бейшеналиев билим берүү жана илим министри болуп 2022-жылы февралда дайындалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан