Футбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасынын чабуулчусу Бекназ Алмазбеков Дүйнөнүн эң таланттуу 60 футболчусунун катарына кирди. Мындай маалыматты Англиянын "The Guardian" гезити изилдеп, андан кийин жарыялады.
17 жаштагы Бекназ Алмазбеков учурда Түркиянын "Галатасарай" футболдук клубунун оюнчусу. Ал бул клубда дүйнөгө белгилүү Мауро Икарди, Хуан Мата сыяктуу футболчулар менен ойнойт.
Бекназ Алмазбеков Кыргызстан курама командасындагы дебюттук оюнун ушул жылдын июнь айында Бишкекте өткөн Азия Кубогуна тандоо оюндарында өткөргөн. Анда ал Мьянмага каршы оюнда алмашууга чыккан.