Таласта Эмгек, социалдык камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлерине кылмыш иши козголду

Талас облусундагы Манас районунун Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын кызматкерлерине кылмыш иши козголду. Маалыматты Башкы прокуратурадан билдиришти.

Белгиленгендей, Манас райондук прокуратурасы тарабынан райондун Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгында 2020-2021-жылдар аралыгында мыйзамдардын аткарылышы боюнча тийиштүү текшерүүлөр жүргүзүлгөн.

Текшерүүдө башкармалыктын Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү бөлүмүнүн жооптуу кызмат адамдары тарабынан акы төлөнүүчү коомдук иштер боюнча фиктивдүү адамдарды көрсөтүү менен айлык акыларын алуу үчүн 2022-жылдын январь айынан тартып, 2022-жылдын август айына чейинки аралыкта ведомстволорго жана башка документтерге жалган маалыматтарды көрсөтүү менен кол тамгаларды жасалмаланганы аныкталган. Буга байланыштуу алар кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, мамлекетке олуттуу зыян келтирген.

Бул факты боюнча райондук прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан