Орусиянын борбору Москва шаарында тургун военкоматка чакыруу кагазын алгандан кийин ижарага алган батиринен жансыз дене көргөнүн айтып полицияга чалды. Бул тууралуу Baza телеграм каналы жазды.
Маалыматка ылайык, 37 жаштагы жаран полицияга телефон чалып, ижарага алган батиринин ичинен үйдүн ээсинин жансыз денесин тапкандыгын айткан. Полиция кызматкерлери айтылган дарекке барып эч кандай жансыз дене тапкан эмес. Ал эми полицияга чалган жаран жансыз денени чын эле көргөнүн айтып, полиция кызматкерлеринен издөөнү талап кылган.
Полиция кызматкерлери шектенип, ага психиатриялык жардам үчүн "Тез жардам" чакырган. Психологдор аны менен сүйлөшкөндөн кийин ал адам военкоматка чакыруу кагазын алгандан кийин өзүн психикалык жактан оорулуу көрсөтүү үчүн полицияга чалганы белгилүү болгон.
Жыйынтыгында аталган жаранга жалган чалуу үчүн айып пул салынган.