Тажикстандын агрессиясы. Баткенден Бишкекке эвакуацияланган жарандардын бардыгы үйлөрүнө кайтты

Баткенден Бишкекке эвакуацияланган жарандардын бардыгы үйлөрүнө кайтты. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Кечээ күнү борбор калаадан 39 кичи автобус менен 827 адам министрликтин 10 аскер кызматкеринин коштоосу менен Баткенге жол тарткан.

"3 күн аралыгында Бишкектен 75 кичи автобус менен 1 миң 645 жаран Баткендеги туруктуу үйлөрүнө кайтты", - деп айтылат маалыматта.

Ушул жылдын 14-17-сентябрь күндөрү орун алган Тажикстандын куралдуу кол салуусунан улам 140 миңге жакын адам үйлөрүн таштап качууга аргасыз болгон. Алардын ичинен 7 миңден ашыгы Бишкекке эвакуацияланган.

Тажикстандын куралдуу кол салуусунун кесепетинен 63 кыргызстандык каза болуп, жабыркагандардын саны 200гө чамалаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан