Алтынбек Сулайманов суракка чакырылбаганын айтты

Президенттин Ысык-Көл облусундагы мурдагы өкүлү Алтынбек Сулайманов УКМКга суракка чакырылган эмес. Бул тууралуу ал өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына жазды.

"Мени эч ким суракка чакырган жок, кабатыр болбоңуздар. Колдооңуздарга чоң рахмат!" , - деп жазган Сулайманов.

Кечээ күнү Алтынбек Сулайманов УКМКда суракта экени тууралуу маалыматтар тараган. Бирок атайын кызмат ал маалыматты четке каккан.

Алтынбек Сулайманов 27-сентябрда жергиликтүү башкаруу системасы реформа болмоюнча өнүгүү болбой турганын айтып, өз арызы менен кызматтан кеткен.

49 жаштагы Сулайманов бул кызматка быйыл, 24-февралда дайындалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан