Бишкек шаардык мэриясы алдыдагы күз-кыш мезгилине көмүрдү өз убагында даярдоону эске салат. Ага ылайык, калаа бийлиги көмүр сатылган даректер тууралуу маалымат жарыялады.
Биринчи Май районунун аймагында Кара-Кеченин көмүрүн сатуучу үч пункт ачылды:
- Ак-Босого конушунун Архитектура көчөсүндө, Чүй кең көчөсүндө 14 дарегинде 1 тоннасы 4300 сомдон сатылууда;
- Мурас-Ордо конушунун Мурас-Ордо 13 жана 19 көчөлөрүнүн кесилишинде көмүрдүн тоннасын 4500 сомдон же бир мүшөк көмүр 170 сомдон сатууда.
- 1-октябрдан тарта Дэн Сяопин кең көчөсү 531 боюнча жаңы пункт иштей баштайт, баасы 1 кап көмүр үчүн 200 сомду түзөт.
Свердлов району боюнча:
- Достоевский көчөсү, 1 дарегинде көмүр базасы жайгаштырылган. Шабыркүл көмүрү бир тоннасы 5000 сомдон сатылууда.
- Келечек конушунда айланма өтүүчү жолдун боюнда бир кап 250-300 сомдон сатылган пункттар иштеп жатат.
Ленин районунун аймагында катуу отундарды сатуунун 6 пункту төмөнкү даректер боюнча жайгашкан:
- Мурман көчөсүнүн 126 үйү, 4000 сомдон сатылууда, анын ичинде жүктөө, бирок жеткирүү жок;
- "Кара-Тоо" ЖЧК Мурман көчөсүнүн 45/2 үйү (мурдагы «Торг-Синтез» ЖЧКсы) 5000 сомдон сатылат;
- "Береке" ЖЧК Мурман көчөсүнүн 122, 122а үйлөрү 4000 сомдон сатылат;
- «Беш Сары» ЖЧК Мурман көчөсүнүн 1Б үйү, 4200 сомдон сатылат;
- Коргоо министрлигинин көмүр базасы Дэн Сяопин кең көчөсү 306а үйү 4200 сомдон сатылууда;
- «Болотбеков» ЖЧК Дэн Сяопин кең көчөсү, 308/4 үйү, 4200-5500 сомго чейин сатылууда.
- Ошондой эле кошумча көмүр сатуучу пункттар ачылды. Алыкулов көчөсүндө 250 сомдон 350 сомго чейин, Гагарина көчөсүнүн 67 үйүндө 250 сомдон 400 сомго чейин капка салынып сатылууда.
Октябрь районунун аймагында «Кара-Кече», «Кара-Жыра», «Беш-Сары» көмүрлөрүн сатуучу 3 пункт жайгаштырылган:
- «Глобал Азия Пропертис» ЖЧК «Төкөлдөш» конушу 1 дарегинде тоннасы 5000 сомдон;
- Достоевский көчөсү 97 дарегинде 1 тоннасы 4000 сомдон;
- Октябрь көчөсү (Анкара) 2/2 1 тоннасы 4000 сомдон;
- Анкара көчөсү 1а дарегинде 1 тоннасы 4000 сомдон.