Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районунда эки өспүрүм жашы жете элек кызды зордуктаган деп шектелүүдө. Бул тууралуу маалыматты райондук прокуратурадан билдиришти.
Маалымдалгандай, окуя ушул жылдын 27-июнь күнү орун алган. Анда Кызыл-Суу айылында кафенин жанынан 17 жаштагы кызды зордуктап кетишкен. Аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, иш сотко өткөрүлгөн.
Учурда эки шектүү тең камакта. Иш сотто каралып жатат.