Бишкек шаарындагы Шүкүров көчөсүндө 61 объект (тосмо, дарбаза, тосмолор, бастырмалар, гараждар) бузулду.
Мэриядан кабарлашкандай, 29-сентябрда муниципалдык инспекция №166 үйдүн капиталдык тосмосун сүрдүргөн.
"Жолду реконструкциялоо иштери аяктап, асфальт төшөлдү. Бирок тротуарларды куруу үчүн муниципалдык аймакка кирип, курулушка тоскоол болгон тосмолорду бузуу зарыл. Буга байланыштуу 61 объект бузулду.
10 тосмо калды. Муниципалдык инспекция объектилердин ээлерине каршы сотко доо арыз менен кайрылган", - деп жазылат маалыматта.