Бишкектик волейболчулар Орусияда өткөн эл аралык турнирде байгелүү орунга ээ болушту. Бул тууралуу шаардык мэриядан кабарлашты.
Ага ылайык, Р.Санатбаев атындагы олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинин тарбиялануучулары Новосибирск шаарында угуусу начар спортчулар арасында волейбол боюнча эл аралык турнирде 3-орунга ээ болушту.
Иш-чарага Кыргызстан, Казакстан, Новосибирск шаарынын волейболчулары катышты. Жалпысынан 10 команда оюн көрсөтүштү. Тайпанын машыктыруучусу Элмира Султаналиева.