Өлкөдө 1-октябрдан тарта пенсия өлчөмүн көбөйтүү чечими кабыл алынган. Буга байланыштуу жогорулатылган пенсиянын суммасы канча болот, ал үчүн казынадан канча каражат сарпталат деген суроо менен Социалдык фондго кайрылдык.
Социалдык фонддун маалымат кызматынын өкүлү Адилет Абдылдаевдин айтымында, 1-октябрдан тарта орточо пенсиянын көлөмү 8 800 сомду түзөт.
"Пенсия базалык (республикалык бюджеттен каржыланат) жана камсыздандыруу бөлүгү (Пенсиялык фонд тарабынан каржыланат) болуп бөлүнөт. Азыркы тапта пенсиянын базалык бөлүгү 1780 сомду түзөт. 1-октябрдан тартып 1780 сом 3 170 сомго чейин көбөйөт. Башкача айтканда, пенсиянын базалык бөлүгү 3170 сом болот. Муну ишке ашырууга 3 миллиард 83 миллион сом каражат керектелет. Андан тышкары камсыздандыруу бөлүгү 15 пайызга жогорулайт. Мисалы, пенсионер 7 миң сом пенсия алса, көбөйгөн сумма менен 9173 сом болот.
Азыркы кезде пенсиянын орточо өлчөмү 6 100 сомдун тегерегинде, ал эми 1-октябрдан тартып ал сумма 8 800 сомду түзөт. Орточо эсеп менен алганда пенсия 33 пайызга жогорулап жатат", - деп билдирди өкүл.
Ошондой эле ал буга чейин мыйзамга ылайык, пенсия 100-200 сомдон кошулуп идентификацияланып келсе, бул жолу көп суммада көбөйтүлгөнүн кошумчалады.
Социалдык фонддун алдын ала эсептөөлөрү боюнча, пенсионерлердин саны 2022-жылдын 1-октябрына карата 735 миң адамды түзөт. Пенсиянын базалык көлөмүн көбөйтүүгө 3 миллиард сомдун тегерегинде каражат сарпталат. Ал эми камсыздандыруу бөлүгүн жогорулатууга 1 миллиард 40 миллион сомдун айланасында кошумча акча керектелет. 1-октябрдан тарта орточо ар бир айга пенсия үчүн орточо эсеп менен 6 миллиард сом жумшалат.
Өлкөдө эркек кишилер 63 жаштан, аялдар 58 жаштан пенсияга чыгат. Толук базалык бөлүктү алышы үчүн эркектерге 25 жыл, аялдарга 20 жылдык стажы талап кылынат. Эгер пенсия жашына келип, бирок талап кылган стажы жок болсо, базалык бөлүгү теңдемелүү азайтылып эсептелет.
Маалымат үчүн:
Буга чейин октябрь айында министрлер кабинети пенсияны 50 пайызга көтөрүүнү пландап жатканы маалымдалган. Тиешелүү токтом 2021-жылдын 25-декабрында кабыл алынган. Президент Садыр Жапаров республикалык бюджеттен пенсия үчүн 90 миллиард сом бөлүнөрүн билдирген.
"Пенсия төлөмдөрү үчүн жылына 70 миллиард сом каралат. Эми бул максатка биз жыл сайын республикалык бюджеттен 90 миллиард сом бөлөбүз" деген өлкө башчы.
Социалдык фонддун төрагасы 2023-жылдын 1-январынан тарта эң төмөнкү пенсиянын өлчөмү 7 миң 200 сом болорун билдирген.