Эмгек министрлиги кийинки жылы 10 миң жакыр үй-бүлөгө 100 миң сомдон берүүнү пландап жатат

2023-жылы Эмгек министрлиги аз камсыз болгон 10 миң үй-бүлөгө бизнес ачуу үчүн ар бирине 100 миң сомдон берүүнү пландаштырууда. Бул тууралуу эмгек, социалдык коргоо жана миграция министринин орун басары Нурдөөлөт Базарбаев "Ата-Журт" партиясынын министрликте өткөн көчмө жыйынында билдирди.

"Эмгек департаменти учурда жакырчылык менен күрөшүүнүн жаңы ыкмаларын активдүү жайылтууда. Жыл башында “Социалдык келишим” долбоорун пилоттук түрдө ишке ашырып, анын алкагында Жумгал жана Кадамжай райондорундагы 100 аз камсыз болгон үй-бүлөгө жеке ишин ачууга 100 миң сомдон бердик. Бардык катышуучулар ийгиликтүү болушту. Мына ушундай тажрыйбанын негизинде бүгүнкү күндө «Социалдык долбоор» республика боюнча мурда «Үй-бүлөгө көмөк» жөлөк пулун алган 2800 үй-бүлөнү камтыды. Бул долбоорго бюджеттен дээрлик 300 миллион сом бөлүнгөн. Келерки жылы биздин министрлик өлкө боюнча 10 миң үй-бүлөгө жеткирүүнү пландап жатат", - деди Нурдөөлөт Базарбаев.

Министрдин орун басары ошондой эле сентябрь айынын башынан бери мигранттардын көйгөйлөрүн чечүү боюнча министрлик активдүү иштерди баштаганын билдирди.

"Жакында министр Кудайберген Базарбаев Орусия Федерациясына иш сапары менен барып, сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча жакынкы аралыкта Бишкек жана Ош шаарларында миграциялык борборлор ачылып, анда кыргызстандыктар Орусияда иштөө үчүн бардык керектүү документтерди, башкача айтканда манжа изин, медициналык кароодон өтүүгө мүмкүнчүлүк алышат. Кечээ биз миграция темасында эл аралык форум өткөрүп, анда ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өкүлдөрү мигранттардын көйгөйлөрүн биргелешип чечүүгө даяр экендиктерин билдиришти", - деп кошумчалады ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
erlan_87
2022-09-30 11:35:00
Жакырларга канча акча берсен деле жакыр бойдон кала беришет.
-1
keba300989
2022-09-30 14:17:00
Super.kg Ипатека боюнча маалымат алып бериңиздерчи Бишкектен башка 2022-жылы башка региондордун бири да үй ала элек экен
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан