Кабулдагы окуу жайлардын биринде жардыруу болду. Анын кесепетинен 4 адам каза болду. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Маалымдалгандай, жардыруу батыштагы Дашт-и-Барчи районунда экзамен учурунда болгон. Өлкөнүн Ички иштер министрлиги жардыруу болгонун тастыктаган, бирок башка маалымат берген эмес.
Айрым маалыматтарга караганда, чабуул учкучсуз учак менен болгон.