Жазаларды аткаруу кызматы ЖАКнын кадрдык резервине кабыл алуу үчүн сынак жарыялайт. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, ЖАКнын жетекчилиги тарабынан Кызматтын кадрдык резервине талапкерлерди кабыл алуу боюнча конкурстук комиссия түзүлдү.
Сынактык тандоонун биринчи этабы 9-ноябрда саат 09:00дө «Эмгек резерви» стадионунда өтөт. Анда сынактын катышуучулары физикалык даярдыгы боюнча стандарттарды тапшырышы керек. Дареги: Бишкек шаары, Үсөнбаев көчөсү, 200, Чоң Чүй каналынын түштүк жээгинде.
Компьютердик технологияларды колдонуу менен тестирлөө түрүндөгү сынактык тандоонун экинчи этабы 10-ноябрда саат 09:00дө Бишкек шаарындагы ЖАКнын Кайтаруу жана күзөтүү департаментинде жайгашкан ЖАКнын Окуу борборунда өткөрүлөт. Дареги: Медеров, 94.
Сынактык тандоонун үчүнчү этабы 11-ноябрда саат 10:00дө Бишкек шаары, көчөсү Ибраимов, 106.
Суроолор боюнча ЖАКнын Кадрлар бөлүмүнө төмөнкү телефондор аркылуу кайрылса болот: 0 (312) 43-82-10, 43-84-60.