Бүгүн Алмазбек Бейшеналиевдин баш коргоо чарасы каралат

Пара алууга шектелип кармалган билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиевдин баш коргоо чарасы бүгүн аныкталат.

Ишти Бишкектин Биринчи Май райондук соту карайт. Соттук процесс саат 14:00дө башталат.

Буга чейин Ички иштер министрлиги Алмазбек Бейшеналиев чет өлкөлүк студенттерди ата мекендик жогорку окуу жайларына кабыл алууда ири өлчөмдө пара алган деген негизде кармалганын билдирип, аны кармоо учурундагы видеону да жарыялаган.

Бул окуя коомдо кызуу талкууну жаратып, аны социалдык тармактын колдонуучулары атайын уюштурулган көрүнүш катары сыпатташууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан