ИИМдин Жол кыймылын камсыздоо башкы башкармалыгы 2022-2023-жаңы окуу жылынын башталышы менен ата-энелерге эскертүү менен төмөнкү эрежелерди сактоосун сунуштайт. Ага ылайык:
• Балаңыз менен көчөгө чыкканда, баланын колун бекем кармаңыздар;
• Жолдо тротуар же атайын жөө адамдар өтүүчү жерлер менен гана жүрүңүз, жолдун оң жак тарабы менен, мүнкүнчүлүк жок болсо, жолдун сол тарабы менен унаа каттамына карама-каршы карай баскыла;
• Жол тилкесин жашыл жол чырагынын түсүндө же жөө адамдар өтүүчү жерлерден гана кесип өтүңүздөр;
• Эгер унаа алыс болсо дагы келе жаткан унаага чейинки аралыкты туура эсептеп, мүнкүнчүлүгүңүздү караңыз;
• Өспүрүмдөр күтүлбөгөн жерден жолго чыгып кетүүсүн алдын алуу үчүн унаадан биринчи улуу адамдар чыгып андан соң балдарды чыгаруу керек;
• Автобустан түшкөндө дароо жолдон өтүп кетүүгө аракет кылбаңыз. Автобустун кетүүсүн күтө туруңуз, ошондо жолдун эки тарабы тең көрүнөт. Автобусту алдынан да, артынан да айланып өтүү кооптуу экендигин унутпаңыз, анткени ал жерден дагы бир башка унаа чыгып калышы мүмкүн;
• Ыңгайсыз аба ырайы болгон (жаан, кар, муз, туман) учурунда жолду кесип өтүү өзгөчө көңүл бурууну талап кылат. Анткени аба ырайынын кесепетинен көрүү мүмкүнчүлүгү төмөндөйт. Айрыкча көтөрүлгөн жакка же кол чатыр жана башкалар тоскоолдук жаратышы мүмкүн. Кийип жүргөн кийим балдарга жолдун көрүнүшүнө тоскоол болбошу керек;
• Эгер сиз балаңызга велосипед, самокат сатып алсаңыз, алгач жол эрежесин бирге жүрүп үйрөнүп, атайын велосипед тебүүчү, жабык аймакта жүрүүнү үйрөнүңүз. Өспүрүмдөргө жолго велосипед тээп чыгуу 14 жаштан баштап уруксат берилерин унутпаңыз;
• Жол эрежесине ылайык 12 жашка чейинки өспүрүмдөрдү автоунааларда ташууда сөзсүз түрдө атайын балдарды коргоочу жабдыктарды, атайын отургучтарды колдонуңуздар. Бул жол кырсыгында жаракат алуу коркунучун жана кырсыктын кесепеттеринин оордугун бир кыйла төмөндөтөт;
• Балдарды жолдо кароосуз калтырбаңыз! Ал эми жеткинчек класстардын окуучулары менен, жолдогу коопсуздукту үйрөнүү үчүн алгач мектептен үйгө чейинки жолду бир нече жолу басып өтүү керек.