Бүгүн, 30-сентябрь саат 10:00гө карата Тажикстандын куралдуу кол салуусунан жабыркаган Баткен облусунун тургундарына жардам берүү максатында ачылган Финансы министрлигинин бирдиктүү казыналык эсебине 302 миллион 992 миң 710 сом түштү. Бул туурасында министрликтен билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, атайын эсеп Баткен облусунун калкын колдоо, ошондой эле финансылык алдамчылыктын алдын алуу максатында ачылган.
Белгилесек, 16-сентябрда Тажикстан Кыргызстанга күтүүсүздөн кол салган. Анда тажик аскерлери Лейлек жана Баткен райондорундагы калктуу конуштарын аткылаган. Саламаттыкты сактоо министрлиги 62 адам каза болгонун билдирди.