Өлкөдө жыл башынан тартып жергиликтүү бюджетке 2 миллиард 2 миллион сом мүлк салыгы жыйналды. Бул тууралуу Салык кызматы кабарлайт.
Анын ичинде транспорт каражатына 678 миллион 400 миң сом салык чогултулган. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 109 миллион 700 миң сомго көп.
Турак жайга (үй, батир) салыктын суммасы 97 миллион 300 миң сомду, турак эмес жайга 692 миллион 900 миң сомду түздү. 2021-жылга салыштырмалуу турак жайлар боюнча 13 миллион 800 миң сомго, турак эмес жайлар 126 миллион 700 миң сомго көп чогултулган.
Үйдүн жанындагы, короо-жай алдындагы жана бак-чарба жер тилкелерине салык боюнча түшүүлөр 186 миллион 200 миң сомду түздү. Бул өткөн жылдын көрсөткүчүнөн 24 миллион 100 миң сомго көп.
Мындан тышкары калктуу конуштардын жерлерине жана айыл чарба багытындагы эмес жерлерге салык боюнча 552 миллион 800 миң сом түштү, бул 2021-жылдын ушул мезгилине караганда 30 миллион 400 миң сомго көп.
Эске салсак, 1-сентябрда транспорт каражатына, турак жай мүлкүнө жана үйдүн жанындагы, короо-жай алдындагы жана бак-чарба жер участогуна салык төлөө мөөнөтү аяктаган.