Бишкекте эртең айыл чарба жарманкеси өтөт (даректери)

Бишкек шаарында 1-2-октябрда айыл чарба жарманкеси өтөт. Бул тууралуу калаа бийлигинен маалымдалды.

Кабарлангандай, жарманкеде эт, сүт азыктары, ун, бал, жашылча-жемиштер, жумуртка жана башка көптөгөн азыктар сунушталат.

Биринчи Май районунда жарманке саат 8:00дөн 18:00гө чейин И.Раззакова көчөсүнүн Киев-Токтогул көчөлөрүнүн ортосундагы жерде өтөт.

Свердлов районунда эртең мененки саат 8:00дөн 18:00гө чейин Төрөкул Айтматов жана Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде өткөрүлөт.

Октябрь районунда 1-октябрдан 31-декабрына чейин дем алыш күндөрү (ишемби жана жекшембиде) саат 07:00дөн 19:00гө чейин Н.Жетикашкаева көчөсүндө Айтиев көчөсүнөн А.Токомбаев көчөсүнө чейин өтөт.

Жарманкени борбор калаанын мэриясы Айыл, суу чарба жана региондук өнүктүрүү министрлиги менен биргеликте уюштурууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан