Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында бүгүн кыргыз балбандары күчүн сынайт

Бүгүн Түркиянын Изник шаарында өтүп жаткан IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында беш спорттун түрү боюнча беттештер өтөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Анда спортчулар аба күрөш, май күрөш, мас-рестлинг жана салттуу жаа атуу спорту, ат үстүндө жаа атуу боюнча күч сынашат.

Аба күрөш боюнча бүгүн күрөшө турчу спортчулар:

65 килограмм - Мирхат Шамбет уулу;
70 килограмм - Мирлан Казыбек уулу;
75 килограмм - Бактыяр Кадырбек уулу;
80 килограмм - Шатман Эсенбек уулу;
90 килограмм - Баяман Мыктыбеков;
+90 килограмм - Уларбек Күрүчбек уулу.

Май күрөш:
80 килограмм - Санжар Аманов;
95 килограмм - Нурислам Идирисов;
110 килограмм - Тилек Куралов;
+110 килограмм - Кайрат Шаршенбеков.

Таяк тартыш:
70 килограмм - Азамат Асанов;
80 килограмм - Бакдоолот Абылов;
110 килограмм - Келдибек Атайбек уулу;
+110 килограмм - Улукбек Ырыспаев.

Кыздар:
75 килограмм - Дилбара Иманканова;
+75 килограмм - Назия Майлибашева.

Аталган оюндарга жалпысынан 102 өлкөдөн 3 миңден ашык спортчу катышат. Мелдештерге Кыргызстандын атынан 148 спортчу катышат.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстандын демилгеси менен 2014-жылдан бери өткөрүлүп келет. Буга чейин дүйнөлүк оюн Кыргызстанда үч жолу өткөн. 2018-жылы эстафетаны Түркия алган. Ар эки жылда өтө турган бул чоң оюн 2020-жылы пандемияга байланыштуу эки жылга жылдырылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан