Жапаров Баткендеги айылдарды калыбына келтирүү иштеринин жүрүшү менен таанышты

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Баткенге болгон иш сапарынын алкагында Капчыгай, Ак-Сай, Миң-Өрүк жана Достук айылдарында болду. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалымдалгандай, Жапаров чек арага чектеш айылдардын тургундары менен жолугушуп, Тажикстандын куралдуу агрессиясынан жабыркаган турак жайларды, социалдык жана инфраструктуралык объектилерди көрүп чыкты.

Учурда жеринде объекттерди баалоо жана калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат. Калыбына келтирүү иштерине куткаруучулар, волонтёрлор, атайын техникалар тартылган.

"Капчыгай айылында дээрлик бардык үйлөр талкаланган. Биз жаңы үйлөрдү курабыз, анда тийиштүү инфраструктура каралып, таза суу, асфальт жолдор менен камсыз болуп, көчөлөр жарыктандырылат. Бул жаңы айыл болот, тиешелүү башкы планды иштеп чыгуу керек", - деди Акылбек Жапаров жана тиешелүү мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө бир катар тапшырмаларды берди.

Мындан сырткары Акылбек Жапаров Баткен шаарында куралдуу кагылыштын натыйжасында каза болгондорду эскерди. Курман болгондорго арналып куран окулду.

Маалым болгондой, 1-октябрда куралдуу баскынчылыктын натыйжасында жабыркаган жана талкаланган Баткен жана Ош облустарындагы административдик-аймактык бирдиктерди калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комиссиянын биринчи отуруму өтөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан