"Жаңы базарга баруу эскертилген". Жалал-Абадда мыйзамсыз соода күркөлөрү алынууда

Жалал-Абад шаарында мыйзамсыз соода күркөлөрү алынууда. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат борборунан билдиришти.

Билдирүүдө айтылгандай, буга чейин тротуарга күркөлөрдү коюп соода жүргүзгөндөргө жаңы базардан акысыз соода жайларын алып, көчүп баруу сунушу берилген. Ага карабастан соодагерлер тротуарларда соода-сатык менен алектенип келишкен.

"Шаар мэри Эрнисбек Ормоковдун тапшырмасы менен шаарды иретке келтирүү максатында шаардын борбордук базарындагы тротуарга чыгып алган соода күркөлөрү алынып жатат.

Шаар башчысы буга чейин иретсиз соода жайларын көчүрүү үчүн базар болбогондугу үчүн чечкиндүү кадамдар жасалбай келгенин баса белгилеп, элге ыңгайлуу шарт түзүү максатында жергиликтүү бюджеттен жаңы муниципалдык базар курулганын кошумчалаган", - деп жазылат маалыматта.

Мэриядан учурда муниципалдык базар толугу менен иштөөгө даяр абалда экендигин белгилешти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан