Кримтөбөл Женгонун иши кайра кароого жөнөтүлдү

Жогорку сот Женго каймана аты менен белгилүү Кадыр Досоновдун иши боюнча эки инстанциянын чечимин жокко чыгарган чечим чыгарды. Бул тууралуу Жогорку соттон билдиришти.

Маалымдалгандай, прокурор буга чейинки инстанциядагы өкүмдөрдү жокко чыгарууну сунуштап, судья аны канааттандырган. Иш кайра башынан биринчи инстанцияда кароого жөнөтүлдү.

Үстүбүздөгү жылдын 14-июнунда Кадырбек Досоновго карата Кара-Суу райондук соту тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин "Башка бирөөнүн жерин өз алдынча ээлеп алуу" беренеси боюнча эскирүү мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу кылмыш иши кыскартылган. Ал эми 215-берене "Кылмыштуу кирешелерди адалдаштыруу" боюнча кылмыштын курамы жок деп табылган.

Досонов 21-июлда Ош облустук соту тарабынан кылмыштын курамы жок болгондугуна байланыштуу толук акталып, абактан бошотулган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан