Бишкекте эркек кишини аёосуз сабап, көчөгө таштап кетишкен. Шектүү кармалды

Бишкекте жаранды ур-токмокко алууга шектелген жаран кармалды. Ал жабырлануучуну эс-учун жоготуп жатып калгыча сабап салганын SUPER.KG порталына Октябрь РИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

"27-сентябрда саат 04:35 чамасында Бишкек шаардык милициясына "102" кызматына калаадагы Байтик баатыр менен Медеров көчөсүндө эс-учун жоготкон жаран тууралуу маалымат түшкөн. Жерине барган милиция кызматкерлери кароо жүргүзгөн учурда жабырлануучу денесинен оор жаракат алганы белгилүү болгон", - деп айтылат билдирүүдө.

Мындан улам жабырлануучу №4 ооруканага жеткирилгени айтылды.

Аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, ага шектүү катары 2001-жылы туулган жигит кармалды. Тергөө иштери уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан