Ысык-Көлдө баңгизат ташууга шектелип 34 жаштагы жаран кармалды

Ички иштер министрлиги Ысык-Көлдө ири өлчөмдөгү баңгизаттарды ташууга шектүү жаран кармалганын билдирди.

Маалыматка таянсак, ИИМдин БМЖКККнын Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча башкармалыгына М.Ш. аттуу жаран Ысык-Көл аймагында баңгизаттарды сатуу менен алектенип жүрөт деген маалымат келип түшкөн.

Аталган факты боюнча Жети-Өгүз РИИБи тарабынан Кылмыш-жазык кодексинин 283-беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

Жети-Өгүз районунун Барскоон айылында кызматкерлер тарабынан атайын тергөө аракеттерин өткөрүү учурунда 1988-жылы туулган М.Ш. аттуу жарандын башкаруусундагы Хонда СРВ автоунаасы токтотулган. Аталган унаада айдоочунун отургучунун алдында ичинде баңгизат каражаты салынган 60 ширеңке кутучасы табылып алынган.

Соттук-химиялык экспертизанын корутундусуна ылайык, алынган зат салмагы 640 граммды түзгөн “гашиш” баңгизат каражаты болгон. Азыркы учурда кармалган адам Каракол шаарынын тергөө изоляторуна киргизилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан