Ош облусунун Кара-Суу районунда сүйлөшкөн кызын бычактап, сөөгүн үйүнүн жанына көмүп койгон 24 жаштагы жаран өмүр бою эркинен ажыратылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ош облустук сотунун басма сөз кызматы билдирди.
Билдирүүгө ылайык, өкүмдү сот бүгүн, 30-сентябрда чыгарды. Айыпталуучу Кылмыш жаза кодексинин 122-беренеси менен (боюнда бар аялды өлтүрүү) күнөөлүү деп табылып, өмүр бою эркинен ажыратылган.
Белгилей кетсек, айыпталуучуга биринчи инстанция соту 15 жылга эркинен ажыратуу менен жаза белгиленген эле.