Аба ырайы: Октябрдын алгачкы күнү жамгыр жаайт

1-октябрда өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы кабарлады.

Ага ылайык, тоо этектеринде жаан карга айланышы мүмкүн. Ал эми бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Эртең менен жана күндүз айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы ыктымал.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 2 … 7 °C, күндүз 11 … 16 °C,

Талас облусунда түнкүсүн 0 … 5 °C, күндүз 11 … 16 °C,

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн 9 … 14 °C, күндүз 17 … 22 °C,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 3 … 8 °C, күндүз 10 … 15 °C,

Нарында түнкүсүн 1 … 6 °C, күндүз 9 … 14 °C,

Бишкек шаары түнкүсүн 5 … 7 °C күндүз 13 … 15 °C.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан