Украинанын Херсон жана Запорожье облустарынын башчылары Кремлге барышты

Кремлге Донецктин башчысы Денис Пушилин, Лугансктын башчысы Леонид Пасечник, Херсон облусунун аскердик-жарандык администрациясынын башчысы Владимир Салдо жана Запорожье облусунун администрациясынын башчысы Евгений Балицкий барышты. Бул тууралуу Орусиянын жергиликтүү басылмалары жазышты.

Мааалыматка ылайык, алар Кремлге Орусиянын карамагына кошулуу үчүн кол коюу аземине барышкан. Кремлдин Георгиевский залындагы салтанатка Орусиянын президенти Владимир Путин дагы катышат.

23-27-сентябрда аталган облустарда Орусияга кошулуу боюнча референдум өттү. Аймактардын тургундары дээрлик бир добуштан Орусияга кошулууну жактап чыгышты. Алардын Орусияга кошулуусуна байланышкан бардык маселелерди Орусиянын Федерация Кеңеши 4-октябрда карайт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан