
“Бишкекбашкыархитектура” мамлекеттик ишканасынын, Мамлекеттик экспертиза департаментинин жана курулуш-архитектура контролдоо шаардык башкармалыгынын кызматкерлерине карата кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы маалымдады.
Маалыматка ылайык, кызматкерлерге кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) менен кылмыш иши козголду.
Өкмөттүн 2006-жылындагы токтому менен бекитилген 2025-жылга чейинки Бишкек шаарынын Башкы планына ылайык, Кара-Жыгач конушунун аймагы жогорку тыгыздыктагы 3 кабатка чейинки турак жай курулуштарын гана курууга уруксат берилген.
Бирок “Бишкек башкы архитектура” мамлекеттик ишканасынын жана Мамлекеттик экспертиза департаментинин кызмат адамдары тарабынан ченемдик укуктар тутумунун талаптарын бузуу менен Кара-Жыгач конушунун аймагында 3 кабаттан бийик жана көп батирлүү объектилердин курулушуна уруксат иш кагаздары берилген.
Натыйжада жарандардын ыңгайлуу шартта жашоосуна жооп берген нормативдик талаптарын камсыздаган, мамлекеттин жана коомдун шаар куруу тармагындагы кызыкчылыктары бузулган.
Учурда аталган факты боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.